www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкекгаз» газ кызматы төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 14–16-сентябрь күндөрү айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулганын билдирди.
Газ берүү Элебесов, Щербаков, Дзержинский көчөлөрү жана БЧК менен чектелген аймактарда токтотулду.
«Бишкекгаз» абоненттерден келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ берүү токтотулган мезгилде альтернативдүү энергия булактарын колдонууну өтүндү.
Маалыматка ылайык, иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.