www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Салттуу ислам – коомдук ынтымактын жана руханий туруктуулуктун негизи» аттуу профилактикалык семинар өткөрүлдү.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 3-август күнү Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган.
Семинарга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, имамдар, этностор аралык биримдик ассоциациясынын координатору жана улуттук диаспоралардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда коомдук ынтымакты жана улуттар аралык биримдикти сактоонун мааниси, диний бөлүнүүгө жол бербөө, салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы чыгарган фатваларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле экстремисттик жана радикалдык диний агымдардын жайылышынын алдын алуу, коомдо мындай көрүнүштөргө каршы түшүнүктү калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Укук коргоо органдары балдарды тиешелүү уруксаты жок «хужраларда» жана медреселерде окутууга жол бербөөгө, ошондой эле жашы жете электерди текшерилбеген чет өлкөлүк диний окуу жайларына жибербөөгө чакырышты.