www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков коомчулук менен түз байланыш түзүп, дыйкандардын суроолоруна WhatsApp аркылуу жооп берип, көйгөйлөрдү ыкчам чечип жатканын социалдык тармактарда көрсөтүп келет.
Бирок айыл чарбасындагы көйгөйлөр бир билдирүүгө жооп берүү менен эле чечилбейт. Дыйкандын суроосуна жооп берилгени маанилүү болгону менен, андан да маанилүүсү — ошол суроонун артындагы көйгөйдүн чечилиши. Суу жеттиби? Түшүм сакталдыбы? Чыгымдын орду толдубу? Дыйкан эртеңки күнүнө ишеним алдыбы? Негизги көрсөткүчтөр ушулар болушу керек.
Ошондуктан «бир күндө баланча суроого жооп бердим», «эл менен түз байланышта иштеп жатам» деген көрсөткүчтөр министрликтин ишинин акыркы натыйжасын толук чагылдырбайт. Дыйкан министрге суроо бергендиги үчүн эмес, көйгөйү чечилгени үчүн мамлекетке ишенет.
Муну түшүнүү үчүн алыска баруунун деле кереги жок. Токтогулдагы мөмө бактары куурап калган келиндин окуясы да дыйкандардын көйгөйү бир гана жооп менен чечилбей турганын көрсөтөт.
Анткени айыл чарбасындагы ар бир маселенин артында суу жана ирригация, үрөн, техника, насыя, рынок, логистика, субсидия, кайра иштетүү жана мамлекеттик башкаруунун сапаты сыяктуу бир нече фактор турат.
Демек, министрликтин ишин канча суроого жооп берилгени менен гана эмес, канча көйгөй реалдуу чечилгени жана анын жыйынтыгы дыйкандын жашоосуна кандай таасир бергени менен өлчөө зарыл.
Башкача айтканда, министрдин милдети дыйкандын билдирүүсүнө жооп берип коюу менен чектелбейт. Негизги милдет — дыйканды кайра-кайра министрге кайрылууга аргасыз кылган көйгөйлөрдү системалуу чечүү.
Дыйканга курулай көңүл бурулгандай көрүнүш эмес, натыйжа берген мамлекеттик система керек.