www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө чоң таасирге ээ болгон Сооронбай Жээнбеков бүгүн коомдук-саясий мейкиндикте мурдагыдай активдүү көрүнбөйт. Бул саясатчынын кайрадан чоң саясатка кайтып келүү ниети барбы деген суроону жаратууда.

Сооронбай Жээнбековдун саясий карьерасындагы эң маанилүү учурлардын бири — 2017-жылдагы президенттик шайлоо. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына ылайык, ал шайлоодо 920 620 добуш алып, жалпы добуштардын 54,22 пайызы менен президент болуп шайланган.

Анын президенттик мөөнөтү болсо толук аяктаган эмес.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис жаралып, шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу нааразылыктар күчөгөн. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткенин жарыялаган. Кийин ал бул чечимин өлкөдө кан төгүүгө жол бербөө максаты менен түшүндүргөн.

Ошентип, бир кезде өлкөнүн эң жогорку кызматын ээлеген саясатчы азыр коомдук-саясий процесстерден кыйла алыстап калган.

Мындай шартта коомчулукта дагы бир суроо жаралышы мүмкүн: Сооронбай Жээнбеков саясатка кайра кайтып, өз күчүн шайлоодо дагы бир жолу сынап көрөбү?

Албетте, анын мурдагы саясий жолун эске алганда, мындай кадам коомчулуктун көңүлүн бурары турган иш.

Бирок саясатта кечээки таасир эмес, бүгүнкү коомдук ишеним жана шайлоочунун тандоосу маанилүү.

Эми Сооронбай Жээнбеков өз алдынча саясий күч катары кайрадан ат салышып көрөбү? Же саясаттагы барагын биротоло жаптыбы? – деген суроо жаралат.

Последние новости