www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматында Бишкек шаарында иш тажрыйбасы бир жылга жете элек тергөөчүлөр үчүн семинар-кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чарага Эксперттик-криминалистикалык кызматтын жетекчилери жана эксперттери катышты.
Семинарда соттук-генетикалык, баллистикалык жана дактилоскопиялык экспертизаларды туура дайындоо, ошондой эле эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын кылмыш иштерин тергөөдө натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Эксперттер биологиялык издерди алуу, таңгактоо жана сактоо, соттук-генетикалык изилдөөгө объектилерди даярдоо жана жөнөтүү тартиби, экспертиза дайындоо тууралуу токтомдорду туура тариздөө боюнча түшүндүрмө беришти.

Ошондой эле биологиялык объектилердин булганышына же жоголушуна жол бербөө, үлгүлөрдү туура алуу жана сактоо талаптарына көңүл бурулду.

Семинардын катышуучулары экспертизаларды дайындоо жана өткөрүүдө жаралган практикалык суроолор боюнча жооп алып, тергөөчүлөр менен эксперттердин өз ара аракеттенүүсүндө кездешкен көйгөйлөрдү талкуулашты.

ИИМдин маалыматына караганда, мындай иш-чаралар кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, кылмыш иштерин тергөөнүн сапатын жакшыртууга жана соттук экспертизанын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Последние новости