www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусундагы Кочкор районунда социалдык жана инфраструктуралык багыттагы 21 жаңы курулуш объектисинде иштер жүрүп жатат.

Облус жетекчисинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев 3-августтагы иш сапарынын алкагында райондогу бир катар курулуш объектилерин жеринен көрүп чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда Кочкор айылында жаңы автобекеттин, стадиондун жана башка социалдык маанидеги объектилердин курулушу уланууда. Жалпысынан райондо 21 жаңы курулуш объектисинде иштер жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, райондун борборундагы «Сейил» эс алуу багын кошкондо сегиз объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.

Иш сапарынын жүрүшүндө Эркинбек Чекирбаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык объектилерди белгиленген талаптарга ылайык жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнө тапшырмалар берди.

Последние новости