www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү куруу иштерине байланыштуу 5-августтан тарта айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр курулуш-монтаж иштеринин жүрүшүнө жараша этап-этабы менен киргизилет.
Жаңы жер алдындагы өтмөктөр төмөнкү аймактарда курулат:
Мэриянын маалыматы боюнча, долбоор жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарынын алдын алууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.
Шаар тургундарынан жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, убактылуу коюлган жол белгилеринин талаптарын сактоо суралды.