www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан Кыргызстанга психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, операция Кыргызстандын Бажы кызматы, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Россиянын Федералдык бажы кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Бишкек шаарында посылканы алуу учурунда 2008-жылы туулган Россиянын жараны К.Р.У. кармалган.

Электровелосипеддин кутусуна окшоштурулуп жашырылган жөнөтмөнү текшерүүдө 506 грамм «Альфа-PVP» психотроптук заты, электрондук тараза жана заттарды таңгактоого арналган полимердик баштыктар табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран болжол менен беш айдан бери Бишкек шаарында психотроптук заттарды жашыруун жайларга жашыруу жолу менен таратып келгени аныкталган.

Ошондой эле Россиянын аймагында психотроптук заттарды жөнөтүүгө тиешеси бар, 1974-жылы туулган Б.А.В. аттуу Россия жараны кармалган. Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда болжол менен 1 килограмм метамфетамин табылып, алынган.

Учурда Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоо органдары интернет-дүкөн аркылуу психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Последние новости