www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Мозамбиктин Тышкы иштер жана кызматташтык министрлигинин ортосунда алгачкы саясий консультациялар болуп өттү.
Кыргызстандык делегацияны ТИМдин Төртүнчү саясий департаментинин директору Мирбек Карыбаев, ал эми Мозамбик тараптын делегациясын Азия жана Океания департаментинин директорунун орун басары Фаруке Омар Факира жетектеди.
Тараптар кыргыз-мозамбик мамилелеринин учурдагы абалын жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, санариптештирүү, туризм жана тоо-кен тармагындагы тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактарга байланыштуу маселелер талкууланды.
Ошондой эле алдыда боло турган эки тараптуу расмий сапарларга даярдык көрүү маселелери каралды.
Жыйынтыгында тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.