www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Корея 2035-жылга чейин төмөнкү Жер орбитасында 128ден 512ге чейин спутниктен турган улуттук байланыш тармагын түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Аэрокосмостук башкармалыгы (KASA) билдирди.

Долбоордун максаты – өлкөнүн өзүнүн Starlink сыяктуу спутниктик байланыш системасын түзүп, улуттук коопсуздукту жана байланыш көз карандысыздыгын чыңдоо.

Ошондой эле KASA Айга конуучу аппаратты мурда пландалган мөөнөттөн эки жыл эрте, тактап айтканда 2030-жылы учурууну көздөйт. Мындан тышкары, 2029-жылы Айдын байланыш спутнигин, ал эми 2031-жылы Жер менен Айдын ортосундагы мейкиндикти изилдей турган илимий аппаратты учуруу пландалууда.

Бул долбоорлор Түштүк Кореянын Айды өздөштүрүү боюнча узак мөөнөттүү космостук программасына негиз түзөрү белгиленди.

Последние новости