www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-октябрга караган түндө украиналык дрондор Санкт-Петербургга жана Ленинград облусуна массалык чабуул жасады. Аймактын губернаторунун маалыматына караганда, 144 дрон атып түшүрүлгөн.
Чабуулдан бир адам каза болуп, бешөө жаракат алган. 12 көп кабаттуу жана эки жеке үй жабыркаган. Ошондой эле Петербург мунай терминалына, «VK» маалымат борборуна жана «Ozon» логистикалык борборуна сокку урулганы кабарланды.
Дрондордун сыныктарынан электр линиялары жана унаалар жабыркап, айрым аймактарда жарык өчкөн. Пулково аэропортунда чектөөлөр киргизилип, жүргүнчүлөр коопсуз жайларга эвакуацияланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү өлкө боюнча 1015 украиналык дрон жок кылынганын билдирди.