www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Ош унаа жолунда велосипедчини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 1-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кызыл-Туу айыл аймагында болгон.
“Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун четинде велосипед менен бара жаткан 1955-жылы туулган жаранды сүзүп, кырсыктан кийин изин жашырып кеткен. Кырсыктын кесепетинен велосипедчи окуя болгон жерден каза болгон.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө айдоочу кармалды.
Текшерүүдө ал мурда соттун чечими менен 1 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылганы, бирок айдоочулук күбөлүгүн мыйзамдуу тартипте кайра албастан унаа башкарганы аныкталды. Ошондой эле медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кырсык учурунда ал алкоголдук мас абалда болгону белгилүү болду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы спирт ичимдигин ичип рулга отуруу, айдоочулук укугу жок унаа башкаруу жана жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерден качып кетүү мыйзам алдында оор жоопкерчиликке алып келерин эскертти.