www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Ош унаа жолунда жана өлкөнүн башка тоолуу аймактарындагы айрым кооптуу тилкелерде жолго таш кулоо коркунучу сакталууда. Өзгөчө ашуулардан өтүүдө жана тоо боорлоруна жакын тилкелерде айдоочулар өтө этият болушу зарыл. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
"Урматтуу айдоочулар! Узак жолго чыкканда жана кооптуу жол тилкелеринен өтүүдө ылдамдыкты төмөндөтүп, коопсуз аралыкты сактап, алдыдагы жол абалын кылдат баалап айдооңуздарды суранабыз. Табигый кырдаал күтүүсүз өзгөрүшү мүмкүн болгондуктан, ар дайым сергек болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.