www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын Кар көчкү бөлүмүнүн адистери Ош облусундагы Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автоунаа жолунун 74–102-чакырымдарындагы кар көчкү коркунучу жогору тилкелерде талаа изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Маалыматка ылайык, изилдөөнүн негизги максаты – жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана кар көчкүдөн коргоочу галереяларды куруу үчүн илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу.

Изилдөө учурунда адистер заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен тоо капталдарынын жогорку тактыктагы 3D санариптик моделдерин түзүүдө. Ошондой эле кар көчкүнүн пайда болуу аймактары, кыймыл траекториясы жана негизги параметрлери эсептелип жатат.

Белгиленгендей, алынган маалыматтар инженердик эсептөөлөрдүн тактыгын арттырып, келечекте курула турган кар көчкүдөн коргоочу галереялардын жайгашуусун жана техникалык параметрлерин илимий негизде аныктоого мүмкүндүк берет.

ӨКМ белгилегендей, мындай заманбап ыкмалар кар көчкү коркунучун баалоону жана инженердик чечимдерди кабыл алуу процессин жаңы деңгээлге чыгарып, өлкөнүн тоолуу аймактарындагы автоунаа жолдорунун коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

Последние новости