www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Согди облусунун бийлиги акыркы бир айдын ичинде аймакта коронавирус менен ооругандар кеминде эки эсеге көбөйгөнүн билдирди.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын 12-августтагы жыйынында «буга чейин облустук ооруканага COVID-19 диагнозу менен суткасына 1-2 киши кайрылса, азыр 8-9дан кайрылып жатканы» айтылды.

3-августта Хожент шаардык акимчилигинин басма сөз кызматы облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Маъруф Хожибоевге шилтеме кылып, акыркы 10 күндөгү байкоолор аймакта коронавирус жана пневмония менен ооругандар көбөйгөнүн көрсөткөнүн билдирген.

Хожибоев 11-августта облустук ооруканада 26 киши карантинде жатканын айтты.

11-августта Согди облустук жана Хожент шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлери акыркы күндөрү коронавируска шек саналган бейтаптар көп болуп жатканын билдиришти. Бирок бул маалыматты аталган медициналык жайлардын башчылары четке кагышты.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө күнүнө 40тан ашык кишиден коронавирус аныкталып жатканын билдирүүдө. Бирок мекеменин статистикасында илдеттин аймактар боюнча жайылышы тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандар 7871 кишиге жетип, 63 бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости