www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» курулуш аянтына болгон иш сапарынын жүрүшүндө өлкөгө чет өлкөдөн кайтып келип, долбоордо иштеп жаткан программисттер менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы адистердин билими жана тажрыйбасы Кыргызстандагы заманбап жана ири долбоорлорду өнүктүрүүдө өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде программисттер бул багыттагы иш башталышы гана экенин айтып, чет өлкөдө эмгектенип жаткан көптөгөн кесиптештери да мекенине кайтып келип иштөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Алардын айтымында, ири технологиялык долбоорлордун ишке ашырылышы жергиликтүү адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкө ичинде кесиптик өнүгүүгө шарт түзөт.

Последние новости