www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» спорттук комплексинде эл аралык профессионалдык бокс кечеси өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов баштаган депутаттар катышты.
Турнирдин ардактуу коноктору катары дүйнөлүк бокстун легендалары — абсолюттук дүйнө чемпиону Эвандер Холифилд жана Олимпиада чемпиону Александр Поветкин келишти.
Кыргызстандын профессионалдык бокс тарыхындагы ири эл аралык мелдештердин бири болгон турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Таиланд жана Кубадан келген мушкерлер күч сынашты.
Беттештердин алкагында кыргызстандык Ыктыяр Нышанов россиялык Михаил Тарханов менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын атайын куру үчүн беттешсе, Акжол Сулайманбек уулу Таиланддын өкүлү Пайом Кампи менен Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын чемпиондук куру үчүн рингге чыкты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Болот Ибрагимов мындай турнирлер Кыргызстандын эл аралык спорттук аброюн көтөрүп, өлкөнү спортту колдогон мамлекет катары таанытууга чоң салым кошорун белгиледи.
Ал ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы спорттук объектилер курулуп, эл аралык мелдештер өткөрүлүп жатканын айтып, Жогорку Кеңеш бул багыттагы мыйзамдык демилгелерди колдоону улантарын билдирди.
Мындан тышкары, дүйнөлүк бокстун белгилүү өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, кыргыз мушкерлеринин эл аралык аренадагы жетишкендиктерине жогору баа берди.