www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cаясат талдоочу, коомдук ишмер Сабыр Муканбетовдун "Майдан.kg" гезитине жарыяланган маегин айрым кыскартуулар менен "NazarNews" маалымат агенттиги окурманыбыздарга сунуштайбыз. 

--Сабыр байке, "узун кеп" маегибизди уланталы. Алды менен Абылгазиевдин отставкасы тууралуу. Жакында эле өкмөттүн отчету жактырылган. "Парламенттик шайлоого чейин кетпейт, калды", деп аттык..., анан эле минтип кетүүгө туура келди. "Чаща терпения" ушу частота чырын көтөрө албады деп жатышат. Сиз кандай дейсиз?

--Абылгазиев кандай дегенде да, башкаларга караганда узак иштеди. 31 өкмөт башчынын дээрлик көпчүлүгү жыл айланбай, отчет бербей айдап жолго салынчу эмес беле. А бул өкмөт башчы эки жылдык отчет тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыр аягына чейин колдоп, шайлоо бүтүп, жаңы өкмөт куралганга чейин жеткиргенге аракет кылды окшойт. Бирок болбоду, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болду.

Жыштык сатуу коррупциялык иштеринин таасириби же башкабы, мен айта албайм, анткени ал коррупциялык иштерди үстүртөн гана, ЖМКлардан эшиткеним болбосо, атайылап үңүлүп караган деле жокмун.

Тоюп кеттим коррупцияга, уккум келбей калды. Жоок мен коррупцияга каршы күрөш токтотулсун деген жерим жок. Жүрсүн. Кармашсын, камашсын, кустурушсун, тазаланалы деп эле турам.

Мен айтайын дегеним, азыркы президенттин кадрларды кол жоолуктай ыргытпай, болушунча колдонолу деген саясаты тууралуу...

Бул абдан туура, колдоого ала турган аракет. Анткени жылга жеткирбей эле улам бирөөнү алмаштыруу, анан мурункусу баштаган иштерге "вникать" этпей, жаңысы жаңы шыпыргы болуп, жаңыча шыпыра берип эмне болдук?

Жалаң ошо кадрдык чехарданын азабын тартып келе жатабыз. Ошондой кадр саясатындагы туруксуз атмосфера жаны жетекчиге эч шанс бербегендиктен ал өзүнүн кара башын сактап калууну, анан ылайыгын келтирип калтасын кампайтууну гана ойлоп калган.

Андыктан өкмөттүн отставкасынын себептерин азырынча айтуу кыйын. Иликтөөлөр аяктаганда билинет. Азырынча айтор, "кетти акыры" дегенден башка сөз жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости