www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын карыздары пайдалуу жумшалды беле?

Акыркы мезгилдерде Кытайга болгон карыздарыбыз чач кирпигибиз менен тең болуп, өсүп кетти. Кытайга 2029-жылдан баштап карыздарды төлөө башталат. Кытайдан келген карыздарды туш келди сапыруунун кажети бар беле?

Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолуна канча акча кетет?

Бул жолдун курулушуна 846 млн доллар коройт, анын ичинде, 789 млн доллары карыздар. Карыз берсе ала бер, “карманыңа” сала бер, 36 млн доллар грант жана 21 млн доллар. Балыкчыдан Жалал-Абадга чейин 433 чакырым жер. Жалал-Абаддан Казарманга чейин биринчи этапты бүтүрүүнүн баасы 400 млн доллар, экинчиси Казармандан Аралга чейин, үчүнчүсү Аралдан Балыкчыга чейин. Кытай бул жолго Эксимобанк аркылуу долларларын бөлгөн. Айта кетмекчибиз Бишкек-Торугарт 539 чакырым жолуна 400 млн доллар кетип, бирок таш кулаган жерде таш кулаган бойдон калган. Унаа жана жол министрлигинин билдирүүсүндө 1996-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстан трассалардын курулушуна 2 млрд 521 млн доллар короткон. Алардын 206 млну грант, калганы бүт келечек муун төлөй турган карыздар. Саресеп салсак, бул жакка аз акча менен көп жол курулмак.

Бул жолду China Road and Bridge Cо компаниясы көздөйт, Балыкчы-Корумду жолун салган чакырымына 747,1 миң доллар чакырымына короткон “Лонг Хай” компаниясына караганда, бул компания чакырымына 2 млн 935,1 млн доллар коротушат. China Road and Bridge Cо НДС салыгын да төлөбөйт. Бул компанияда түзүлгөн келишимдин аркасы менен цемент аралашмасынын тоннасын башкалар 44-45 доллардан алса алты эсе кымбатка 280 доллардан сатып алышат. 20 сантиметр кум-шагыл төгүлө турган жерди бекемдөө үчүн биздикилер 10 доллар коротсо, бул жерде 43 доллар кетирет. Гидроизоляциялоо үчүн да баа эки эсе көтөрүлгөн. Карьерден материалдарды ташып келип төгүү үчүн China Road and Bridge Cо 8 доллар, жер кыртышы үчүн 11 доллар кетирсе, биздин ишканалар 2,23 жана 2,5 доллар гана коротушат. Жолду тазалоо үчүн баа 2,8 эсе жогору тургандыгы да таң калтырат. Бардыгын эсептегенде баалар үч пайызга көтөрүлгөн.

Бул жолду курууга эмне себеп болгон?

Атамбаевдин элге айткан кайрылуусунан: “Бүгүн Атамбаевдин башка долбоорлору сыяктуу эле «Түндүк-Түштүк» альтернативалык жолдун долбоорун да не деген ыпылас сөздөр менен аёосуз шыбап атышат. Бирок 6 миллион калкы бар өлкөгө анын эки бөлүгүн бириктирген жалгыз кан жолдун болушу абдан опурталдуу экени эч кимдин оюна келбейт. Биздин сейсмикалык жактан коркунучтуу болгон тоолуу аймагыбызда жайгашкан Төө-Ашууда, мисалы, жаратылыш кырсыгы жүз берчү болсо, ал өлкөнүн Түштүгү менен болгон байланышты бир нече жылдарга тыптыйпыл үзүп салат. Кудай сактасын, кырсык болуп тоннелден өтүп бараткан бензовоз жарылса, же азыркы мезгилде дүнүйөдө көнүмүш болуп бараткан террор актысы болсо, тоннел кыйрап, өлкө экиге бөлүнүп калат”.

Жамандыкты ойлобойлу, кокустан деңиз алдында курулган Ла-Манш кысыгында кырсык болуп Англия менен Франция катышпай калат деп эч ким ойлобойт. Байманабыз ашып ташып жаткансып, Кытайдан келген карыздарды Тогуз-Торо районунун экономикасы гүлдөш үчүн чачуунун кереги бар беле? Керек болсо бир чоң айыл өкмөтүндөй Тогуз-Торо районунда “Макмалалтын” алтыны түгөнүп, элди бош калтырбай иштетиш үчүн мурунку бийлик Кытай аркылуу бир ишкана куруп, бирок анысы элдин купулуна толбой өрттөп жиберишкен. Алтыны болсо да бир жөн биздин Тогуз-Торого альтернативдүү жол салуунун эмне экономикалык башка себеби бар? Бул жол өзүн-өзү актайбы же акча жоготуунун булагы болуп калабы?

Темир жол керек эле…

Албетте, башталган иштин аягына чыгуу керек. Бирок эмне үчүн келечектен карыз алышыбыз керек? Мейли, Кытай карыз берсе алалы, бирок азыркы мезгилде 846 млн долларды бул дайынсыз жолго коротпой эле Түндүк менен Түштүктү бириктирген темир жолдун курулушуна коротсок деле болмок. Темир жолдун пайдасы тууралуу өзүнчө сөз болмокчу.

Өкмөткө кулак кагыш -2

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости