www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Чечме айылында Өзбекстандын Сох районунун тургундары менен булак талашуудан улам жаңжал чыккан. Буга чейин азыркы премьер-министр Кубатбек Боронов жерине барып, эл менен жолугушпай, элдин пикирин, көйгөйүн укпай туруп, Өзбек премьери менен жолугушууга кирип чыккан. Бул кадам чечмеликтердин кыжырдануусун жараткан.

Ал эми кечээ, 23-июнда Кыргызстанга тиешелүү "Чечме" булагына Өзбекстандын тиешелүү кызматкерлери топографиялык сьёмка жасап кетишкен. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти. 

"Алар Кыргызстандын аймагына ээн-эркин кирип келишкен. Өзбек тараптан келген бул топтун иш-аракетин биздин чек арачылардан жаш жоокер гана карап турган. 

Топографиялык сьёмка жасагандар булактын тегерегин, үстүн адам түшпөй турган кылып тособуз деп айтып кетишиптир.  

Өзбекстандыктар келип, тартып жаткан учурда "Бирлик" айылынын өкмөт башчысы да ошол жерде жүргөнүн көргөндөр айтышты. Бирок ал киши "мен билбейм" деп кутулуп кетти. Биздин бийликтегилердин бир шылтоосу бар, бир нерсе жөнүндө сурасаң "билбейм" деп кутулушат. 

Жаңжалдан кийин келген Боронов алгач жергиликтүү тургундардын ой-пикирин укпай туруп Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууга кирип кеткен. Ал жактан Арипов кыргыз тарап дагы, өзбек тарап дагы булактан пайдалана берсин, ал жерге эс алуучу жай курабыз десе, Боронов макул деген.

Кубатбек Айылчиевич жолугушуудан чыккандан кийин жергиликтүү эл бул чечимге нааразылыгыбызды, булак бизге тиешелүү экенин айтканбыз. Боронов: "Анда Ариповго эл каршы деп айтып коём", -  деп кеткен болчу. 

Бирок Боронов антип айткан эмес окшойт. Айткан болсо, кечээ булактын өлчөмүн, рельефин тартышпайт болчу. 

Биз бул жерге эс алуучу жай курууга каршыбыз. Бул жер бизге тиешелүү. Булактын тегерегинде мүрзө бар, ал жерде биздин ата-бабаларыбыздын  сөөгү жатат. Анан ошол ыйык жерге эс алуучу жайдын курулуусуна кантип жол беребиз? Биз буга каршыбыз", - деди жергиликтүү тургун. 

Ал эми Ирсалат Акпарова аттуу тургун да өзбек тараптын иш-аракетине, биздин бийликтин "үндөбөстүгүнө" нааразычылыгын айтты.

"Кечээ Өзбекстан тараптан бийлик өкүлдөрү келип, ошол булакты сүрөттөргө тартып, булакты өлчөштү. Бизге жеткен маалымат боюнча Кыргызстан тараптан эч ким келбеген. Келечекте бул булакты эс алуучу жайга айландырабыз депген пландарды караштырышыптыр.

Булар кантип чек арадан өтүштү, ким аларга жооп берди? Кана биздин аскер кызматкерлери, чек арачылар?

Чечме айылында 1000 түтүн булаткан эл жашайт, аларга болгону 20 км алыстан суу келет. Эгер "Чечме" булагы жабылып кала турган болсо, ошончо эл суусуз, жерсиз калат. Эмнеге 1000 адамды эл катарында көрүшпөй аларды катыштырбай жыйын өткөрүштү? Элге так маалымат бергиле", - деп айткан ал. 

Эске сала кетсек, Чечмедеги жаңжалдан кийин Боронов менен Арипов жолугушкан. Сүйлөшүүдөн кийин Ариповдун "Кыргыз бийлиги кечирим сурады" деген сөзү чуу жаратып, элдин нааразычылыгына себеп болгон. Ал эми Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьери менен жолугушуу учурунда болгону болгон окуяга өкүнүчүн гана билдиргенин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости