www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде (РПОБМ) иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган заманбап механизмдерди киргизүү иштери уланууда.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коррупциянын алдын алуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү максатында видеокөзөмөл системасы 2025-жылдан тартып иштеп келет. Учурда мекеменин аймагында жалпы 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулган.
Камералар өндүрүштүк цехтердин негизги участокторуна, кампаларга, административдик бөлүккө жана өндүрүш имаратынын айланасына жайгаштырылган.
Видеокөзөмөл системасын киргизүүнүн негизги максаты — протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, материалдык баалуулуктардын сакталышын көзөмөлдөө, чыгымдалуучу материалдарды кабыл алуу жана эсептен чыгаруу процессинин тактыгын жогорулатуу, ошондой эле ички эмгек тартибин күчөтүү болуп саналат.
Аталган система төмөнкү маанилүү милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет:
материалдардын ачык-айкын эсебин жүргүзүү;
мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоо;
ак ниет кызматкерлерди негизсиз айыптоолордон коргоо;
ички эмгек тартибин күчөтүлгөн көзөмөлдө кармоо.
Мекеме өкүлдөрү видеокөзөмөл системасы бейтаптардын жана кызматкерлердин укуктарын коргоого да өзгөчө көңүл бурарын белгилешти.
Видеожазуулар протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо процессинде жаралышы мүмкүн болгон талаштуу жагдайларды объективдүү кароого шарт түзүп, аларды адилеттүү жана ачык-айкын чечүүгө өбөлгө болот.
Видеокөзөмөл системасы Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык орнотулган.