www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 102 кызматы аркылуу эки аял тарабынан улгайган жарандын акчасын алдап алып кетүү фактысы боюнча маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, арыз ээси — Кемин шаарынын 1949-жылы туулган тургуну кайрылгандыгы аныкталган. Анын айтымында, 2026-жылдын 23-майында болжол менен саат 13:30 чамасында эки аял үйүнө кирип келип, ишенимине кирүү жолу менен 120 миң сомдон ашык акчасын алып кетишкен.
Бул факты боюнча 2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Т.С. кармалып, Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал мурда бир нече жолу соттолгону белгилүү болду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери улантылууда.
Ички иштер органдары жарандарды белгисиз адамдарды үйгө киргизүүдө этият болууга чакырат. Өзүн ар кандай мекеменин өкүлү катары тааныштырган адамдардан кызматтык күбөлүгүн талап кылуу, ошондой эле бейтааныш адамдарга акча же баалуу буюмдарды ишенип тапшырбоо керектиги эскертилет.
Шектүү жагдайларга күбө болгон учурда же алдамчылык фактысы катталса, дароо 102 кызматына кайрылуу сунушталат.