www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын биринчи жарымында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан Россияга иштөө максатында кирген эмгек мигранттарынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 пайызга кыскарган. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы жазды.
Бул үч өлкө 2025 жана 2026-жылдардын биринчи жарым жылдыгында Россияга иштөө үчүн эң көп барган өлкөлөрдүн катарына кирет. Өткөн жылдын алты айында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары «иштөө» максаты менен 2,3 миллиондон ашык жолу кирсе, 2026-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 1,9 миллионго жакын болгон.
Иштөө максатындагы кирүүлөр боюнча Өзбекстан биринчи орунда — 1,1 миллиондон ашык адам. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 13,2 пайызга азайган. Экинчи орунда Тажикстан — 494,5 миң кирүү (-17,9%), үчүнчү орунда Кыргызстан — 289,1 миң кирүү (-16,7%) турат.
Россияда иштөө үчүн Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары патент алышы керек. Ал эми Кыргызстандын жарандарына патент талап кылынбайт, анткени Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Кыргыз жарандары үчүн Россияда иштөөгө негиз катары эмгек келишими же жарандык-укуктук келишим эсептелет.