www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы менен Баткен регионалдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын адистери Лейлек районундагы мамлекеттик статусу бар «Лейлек сорт сыноо», «Артур» жана «Алтын дан» үрөнчүлүк кооперативдеринде биргелешкен мониторинг жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө үрөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгү, үрөндөрдүн сапаты, аларды сактоо шарттары жана фитосанитардык талаптардын аткарылышы бааланды.

Адистердин айтымында, мындай мониторингдер сапаттуу үрөн өндүрүүнү камсыз кылууга, фитосанитардык коопсуздукту чыңдоого жана айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Последние новости