www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы эң бийик чоку – Жеңиш чокусуна (7439 метр) чыгуу үчүн альпинисттерге милдеттүү уруксат (пермит) берүү системасы киргизилет.

Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы тартипке ылайык эми ар бир альпинист чокуга чыгуудан мурда расмий уруксат алышы керек.

Алгачкы этапта мындай уруксаттар жогорку даярдыктагы 20га жакын альпинистке берилери пландалууда.

Аталган чечим 2025-жылы Жеңиш чокусунда орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын каза болгон окуясынан кийин кабыл алынган. Ал 7,2 миң метр бийиктикте бутун сындырып алып, аба ырайынын кескин начарлашынан улам куткаруу иштерин жүргүзүү мүмкүн болгон эмес.

Белгилей кетсек, деңиз деңгээлинен 7439 метр бийиктикте жайгашкан Жеңиш чокусу дүйнөдөгү эң татаал жана кооптуу альпинисттик маршруттардын бири катары эсептелет.

Последние новости