www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен жыйын өткөрүп, ведомствонун түзүмүндө өзгөртүүлөрдү киргизди жана бир катар жаңы дайындоолорду жасады.

Путиндин чечими менен Коргоо министрлигинин бардык тылдык камсыздоо кызматтары эми бирдиктүү жетекчилик алдында иш алып барат. Бул багытка «Центр» аскер тобунун командири Валерий Солодчук дайындалды.

Ошондой эле «Центр» тобунун штабынын башчысы Денис Лямин жаңы түзүлүп жаткан учкучсуз системалар аскерлерин жетектейт.

«Центр» аскер тобунун жаңы командири болуп генерал-полковник Андрей Иванаев дайындалды. Ал эми генерал-лейтенант Пётр Болгарев Чыгыш аскер округунун жана «Восток» тобунун командиринин милдетин убактылуу аткарат.

Жыйында Путин Коргоо министрлиги жана Башкы штабдын жетекчилигинен Украинадагы согуштук аракеттердин жүрүшү тууралуу маалымат алды. Ал жаңы кызматка дайындалган аскер жетекчилеринин тажрыйбасы алдыдагы милдеттерди аткарууда маанилүү болорун белгиледи.

Последние новости