www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Туу айылында мөмө-жемиш сактоочу транспорттук-логистикалык борбор куруу пландалууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы объектинин эскиздик долбоорун иштеп чыгып, ал тиешелүү кароодон өтүүдө.
Долбоор Кызыл-Туу айылынын Кен-Сай тилкесинде ишке ашырылат. Борбор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө багытталган.
Министрликтин маалыматына караганда, жаңы логистикалык борбор түшүмдү сапаттуу сактоого, ички жана тышкы рынокторго өз убагында жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, аймакта жаңы жумуш орундарын ачууга өбөлгө болот.