www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын экс-мэри болуп турган учурда “Ош суу канал”, “Ош унаа бекети” мамлекеттик ишканаларын, ошондой эле мэрияга караштуу дагы эки мекемени күрөөгө коюп, 2 миллиард сомдон ашык насыя алганы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.
Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков Ош шаары Токторбаевдин башкаруусунда 12 миллиард сомго чейин карызга батканын айтып чыккан. Ал эми экс-мэр өзү бул сумманы болжол менен 2 миллиард 300 миллион сомдун тегерегинде экенин билдирген.
Дал ушул жерде дагы бир кызык жагдай ачыкка чыкты. Токторбаевдин айтымында, Ош мэриясынын карызынын бир бөлүгү Алишер Козуевдин иниси, ишкер Семетей Козуев менен байланыштуу экени айтылууда.
Бул маалыматтар коомчулукта суроолорду жаратууда. Эгерде тиешелүү укук коргоо органдары бул байланыштарды кылдат иликтесе, дагы бир катар далилдер ачыкка чыгышы мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Эл арасында айтылгандай, “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгышы” да ыктымал.
Дегенибиз, кандай эле Козуевдер Оштогу майлуу-сүттү тендерди утуп, “күптүү” болушпайт. Кылгырып жүрөктөрү да айланбайт экен. Демек, Козуевдердин системалуу түрдө иштелип чыккан байлык топтоо схемасы тыкыр иликтенүүгө тийиш. Бул жерде нааразычылык жараткан нерсе уят, абийирдин жоктугу десек болчудай.
Элибизде “ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт” деген таамай айтылган накыл бар. Агасы Алишер Козуев Жогорку Кеңеште олтуруп алып, ишкер иниси Семетей Козуев экөөлөп Оштогу тендерлерге “минип” алып туйтунушкандай, Ош шаары ага-ининин атасынан мураска калса дагы эмне болуптур?
Куса турган учур келди. Булар дагы “кусуп” көрүшсүн.