www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында 30дай объекттин тийиштүү документи, келишими жок мыйзамсыз иштеп жатканын мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин билгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Ош шаарында жасаган иши үчүн акчасын ала албай жаткан ишкерлер менен жолуккан учурда билдирди.
- Биз Жеңишбек Токторбаев кеткенден кийин жана ишкерлер акчаны ала албай калдык деп айтып чыкканда гана билдик. Биз калаа мэриясы бардык документтерди алып келип бизге тапшырат деп ойлогонбуз. Андай болгон жок, андан кийин жаңы мэр келгенде сураштырганда бир дагы документ жок экени билинип жатат, - деди министр.
Орунтаев бул жагдайга байланыштуу чара көрүлүп жатканын, Курулуш министрлигинин департамент башчысы жумуштан кеткенин кошумчалады. Анын айтымында, комиссиянын чечими менен башка жетекчилердин дагы жоопкерчилиги каралат.
Мунун алдында Орунтаев Ош шаарындагы курулушу бүткөн жана азыр жүрүп жаткан объектилердин бардыгы Курулуш министрлигинин карамагына өтөрүн билдирген. Атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында акча каражаттары бөлүнөрүн айткан.