www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылганы айтылууда.
Аты чуулгандуу иштерде атала калып жүргөн Тай-Мурас Ташиев Камчыбек Ташиевдин улуу балсы болот. Ал учурда 32 жашта. 2021-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Көп өтпөй мандатынан баш тарткан.
Өткөн айда социалдык тармактарда ошол кездеги вице-премьер Бакыт Төрөбаев менен Эркинбек Жолдошалиевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү делген аудио жарыяланган. Ишкер Жолдошалиев Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевге мүлкүн тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун, заводду бузуп кетерин айтса да бербей койгонун белгилеген.
Тай-Мурас Ташиев бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан. Ал заводдун жерин 470 миң АКШ долларына сатып алганын жана ошол жердеги темир жана түтүктөрдү алып чыгып кетишкенин айткан.
Тай-Мурастын аты 16-мартта Салык кызматы жарыялаган “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема боюнча делген иликтөөсүндө дагы аталган.