www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 4 миңден ашык адам гемодиализ алат

Кыргызстанда президенттин демилгеси менен 2021-жылдан тарта бардык бейтаптарга гемодиализ бекер бериле баштаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.

Министрдин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө гемодиализ үчүн кезекке тургандар жок.

"Азыркы тапта республика боюнча 4 миң 478 адам программалык гемодиализ алат. Бул бардык бейтаптар үчүн акысыз негизде берилет, чыгымдар толугу менен мамлекеттик бюджеттен жабылат", - деди ал.

Осмонов бөйрөк оорусунун курчушуна жана гемодиализге муктаждыктын жаралышына көбүнчө кант диабети, кан басымынын жогорулугу жана жаш балдардын ангина оорусунун өтүшүп кетиши себеп болорун белгиледи.

 

 

Последние новости