www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Буга байланыштуу Кыргызгидромет кызматы төмөнкү жолдордо жүрүүдө сак болууну эскертти:
Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымдарында;
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусуда.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.