www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарых барактарын барактап отуруп, кээде "бул жөн гана кокустук" деп айтууга ооз барбаган, бирок так фактылар менен тастыкталган окуяларга туш болосуң.
Ошондой сырдуу окуялардын бири 1941-жылы улуу колбашчы Амир Темирдин (Тамерлан) мүрзөсүнүн ачылышы жана анын артынан ээрчиген "каргыштын" таржымалы.
Баары 1941-жылдын июнь айында, Совет өкмөтүнүн буйругу менен Самарканддагы Амир Темир мавзолейинде масштабдуу экспедиция башталганда болот. Негизги максат Амир Темирдин сөөгүн изилдеп, белгилүү антрополог Михаил Герасимовдун жардамы менен анын чыныгы жүзүн калыбына келтирүү эле.
Жергиликтүү аксакалдар бул ишке катуу каршы болуп: "Кимде ким улуу колбашчынын сөөгүн козгосо, дүйнөдө кандуу согуш башталат" деген эски китептердеги эскертүүнү айтышкан экен. Бирок илимге таянган экспедиция мүчөлөрү буга маани беришкен эмес.
Күн санап казуу иштери жүрүп отуруп, 1941-жылдын 20-июнунда экспедиция 3 тонналык нефрит ташынан жасалган мүрзө капкагын жылдырып, сөөккө жетет.
Ал эми эртеси, 21-июнда сөөктү казып алышыптыр. Анан эмне болду дебейсизби? Туура эки күндөн кийин, 22-июндун таңында фашисттик Германия СССРге күтүүсүздөн кол салып, адамзат тарыхындагы эң кандуу Улуу Ата Мекендик согуш башталат.
Таңгөрү...Бул жөн гана дал келүүбү же мистикабы, айтор, эл ичинде "Темирдин каргышы" деген түшүнүк бекем орноп калган.
Сөөктү казып алгандан кийин Михаил Герасимов аны Москвага алып кетип, терең изилдөө жүргүзгөн. Кызыгы, лабораториялык анализдер тарыхый баяндардын 100 пайыз чындык экенин далилдедейт.
Амир Темир өз доору үчүн абдан узун бойлуу (болжол менен 172–173 см), далылуу жана физикалык жактан өтө күчтүү адам болгон экен. Анын оң бутунун тизеси жана оң колу оор жаракаттан улам майып болуп калганы да такталат дал ушул себептен ал тарыхта "Аксак Темир" аталган тура.
Ал гана эмес, чачы менен сакалынын калдыктарынан анын табигый кызгылт түстө болгону да аныкталган. Герасимов эч кандай жасалмалуулугу жок, дал ушул сөөктүн структурасына таянып, биз азыр көрүп жүргөн портретти жараткан экен.
Бул окуянын аягы да мистика менен коштолот. Согуштун эң кызып турган, оор учурунда совет бийлиги сөөктөрдү кайрадан Самаркандга алып барууну чечет.
1942-жылдын 20-декабрында Амир Темирдин сөөгү толук ислам жөрөлгөлөрү менен кайрадан жерге берилет. Эң таң калыштуусу, сөөк өз ордуна коюлгандан кийин көп өтпөй, Сталинград салгылашында советтик аскерлер чечүүчү жеңишке жетишип, согуштун жүрүшү кескин түрдө жакшы жакка бурулган экен.
Албетте, тарыхчылар 1941-жылдын 22-июнундагы кол салуу "Барбаросса" планы боюнча 1940-жылы эле пландалганын, ал эми мүрзөнүн ачылышы убакыт жагынан гана дал келип калганын фактылар менен түшүндүрүшөт.
Бирок, даталардын мынчалык так дал келиши бул окуяны тарыхтын эң сырдуу барагы катары калтырды. Бул жөн гана кокустукпу же биздин акыл жетпеген сырбы? Айтор, тарыхтын сыры терең.
Автор: Замир Сапар