www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Дордой" базарынын аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу маселелерине байланыштуу Аскар Салымбековду кабыл алып, көйгөйдү талкуулады.
Мэр өз сөзүндө: "Соодагерлер үчүн да, шаар тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл", - деп белгилеп, бизнеске каршы эместигин, тескерисинче, аны колдоорун айтып, бирок өнүгүү тартип негизинде ырааттуу жүрүшү керектигин билдирген.
Анын айтымында, базардын инфраструктурасын жакшыртуу алкагында көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү, көлмөнүн айланасын тосуу жана сейилдөө аймагын түзүү пландалууда.
Ошондой эле мэр базардын аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды муниципалитеттин балансына кайтарып, QR-код аркылуу төлөм системасын киргизүүнү тапшырды.
Ал эми Салымбеков базар аймагында жол куруу иштери 2026-жылдын 1-апрелинен тарта башталарын билдирди.