www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Ош шаардык башкармалыгы Керме-Тоо кичи районунун Көкүм бий көчөсү 100 Г/1В дарегинде алты блоктон турган 9 кабаттуу турак жай комплексинин курулушунда мыйзам бузууларды аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө объектиде жер казуу иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталганы аныкталды.
Мындан тышкары, пайдубалдын каркастык конструкциясын орнотуу иштери жүргүзүлгөн. Бул аракеттер шаар куруу, архитектура жана курулуш жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу болуп саналат.
Аныкталган мыйзам бузуу боюнча «Рамазан» компаниясына карата 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Объектидеги бардык курулуш-монтаждоо иштери мыйзам бузуулар толугу менен жоюлганга жана белгиленген тартипте тиешелүү уруксат берүүчү документтер таризделгенге чейин токтотулду.
Юстиция министрлигинин маалымат базасында «Рамазан компаниясы» ЖЧКсы тууралуу маалымат жок.