www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте Бишкектин Октябрь районунда атмосфералык абаны коргоо жана анын булганышын алдын алуу боюнча рейд өткөрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык талаптарды бузган автоунаа аныкталып, айдоочуга мыйзамга ылайык 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында Аламүдүн капчыгайында мониторинг жүргүзүлдү.
Анын жүрүшүндө калдыктарды белгиленбеген жерге таштоо фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга 16 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддер айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыздоо максатында мындан ары да улантыларын билдирди.