www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэлада болгон эки жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6125 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдирди.
Анын маалыматына караганда, урандылардын алдынан 6462 адам куткарылган. Жалпысынан 60 миңден ашуун адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.
Эскерте кетсек, Венесуэлада 24-июнда күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө болжол менен 40 секунд айырма менен катталган.
Жер титирөөлөрдүн кесепетинен 190 имарат толугу менен талкаланып, дагы 856 имарат жабыркаган.
4-августка карата урандылардын 16,5 пайызы гана тазаланганы маалымдалды.