www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барып, бөлүктүн кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана аскер кызматкерлери үчүн түзүлгөн социалдык-тиричилик шарттары менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө аскер бөлүгүнүн командачылыгы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги объектилерди кайтаруу, өзгөчө кырдаалдарда жана массалык иш-чараларда коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылып жаткан кызматтык милдеттери тууралуу маалымат берди.

Мэр ошондой эле казарманы, ашкананы, медициналык пунктту, спорттук аянтчаны жана жоокерлердин күнүмдүк жашоосу үчүн түзүлгөн башка жайларды көрүп чыгып, өздүк курам менен баарлашты.

Ал аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары боюнча сунуш-пикирлерин укту.

Жолугушууда аскер кызматкерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери талкууланып, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Иш сапарынын соңунда Жанарбек Акаев Ички аскерлер өлкөдө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү милдет аткарып жатканын белгилеп, аскер кызматкерлерине ийгиликтерди каалады.

Последние новости