www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги интернет булактарында Ат-Башы районунда картошка 5–6 сомдон сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы учурда райондо жаңы түшүмдүн картошкасы толук быша элек экенин маалымдаган.
Ушундан улам соода түйүндөрүндө негизинен Бишкек шаарынан ташылып келген картошка сатылууда.
Бүгүнкү күндө Ат-Башы районунда картошканын чекене баасы орточо 35–40 сомду түзөт.
Ал эми социалдык тармактарда жана интернет булактарында тараган картошка 5–6 сомдон сатылып жатат деген маалымат расмий түрдө тастыкталган эмес.
Министрлик жарандарды такталган маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырды.