www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан боюнча малдын өлүктөрүн ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилдештирүү үчүн 269 Беккари чуңкуру жана 39 крематорий (инсинератор) бар.

Бул тууралуу тиешелүү маалыматта айтылат.

Беккари чуңкурлары өлгөн малдын өлүктөрүн коопсуз көмүү жана зыянсыздандыруу үчүн атайын уюштурулган объект болуп саналат. Алардын сыйымдуулугу чектелүү болгондуктан, белгилүү убакыттан кийин толуп калат.

Мындай учурда санитардык талаптарга ылайык жабылып, анын ордуна жаңы объект уюштурулушу керек.
Адистер малдын өлүктөрүн өз убагында жана коопсуз утилдештирүү үчүн ар бир айылда же айыл аймагында Беккари чуңкурун уюштуруунун зарылдыгын белгилешет.

Бул жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга жана айлана-чөйрөнү коргоого өбөлгө түзөт.
Ал эми инсинераторлор малдын өлүктөрүн жана ветеринардык жактан кооптуу биологиялык калдыктарды жогорку температурада өрттөп жок кылууга мүмкүндүк берет. Мындай ыкма утилдештирүүнү тез жүргүзүп, калдыктардын айлана-чөйрөгө таралуу коркунучун азайтат.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык кеңешмеде республикадагы Беккари чуңкурларына толук инвентаризация жүргүзүү, алардын техникалык жана санитардык абалын баалоо жана талапка ылайык келтирүү боюнча чараларды көрүү тапшырылган.

Ошондой эле биологиялык калдыктарды утилдештирүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүүгө, анын ичинде жогорку температурадагы термикалык утилдештирүү — инсинерация технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө өзгөчө көңүл буруу тапшырылган.

Последние новости