www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокат районунда синтетикалык тор менен балык кармаган үч жаранга айып салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош ОИИБдин өздүк курамы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сактоо, көлдөрдүн, көлмөлөрдүн жана суу сактагычтардын булганышын алдын алуу максатында рейддик иштерди жүргүзүп келет.
2026-жылдын 6 айында Ош облусунун ишки иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын Өзүнчө батальонунун туристтик взводу тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде жалпы 11 даана синтетикалык балык кармоочу торлор алынды.
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Сай дарыясына жана Кара-Кулжа районунун Тар дарыясына синтетикалык тор салуу менен балык кармаган 3 жаран аныкталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 267-беренесинин (Балык уулоодо балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды пайдалануу) негизинде укук бузуу протоколу түзүлүп, 5500 сомдон айып пул салынды.
Ошондой эле Өзгөн районундагы базарлардын биринде синтетикалык тор сатып жаткан 2 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 268-беренесинин (Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүү, өндүрүү, даярдоо жана сатуу) негизинде протокол түзүлүп, 10 000 сомдон айып пул салынды.