www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда социалдык тармактарда той учурунда тартылган видео кызуу талкууланып, ага карата кылмыш иши козголду.
Видеодо Жетысай шаарындагы тойлордун биринде улгайган аксакал сахнадан сүйлөп, майрамдарды шариат мыйзамдарына ылайык өткөрүү керектигин айткан. Ал тойлордо музыкадан баш тартууну, аялдар менен эркектерди өзүнчө отургузууну сунуштаган. Мындан тышкары, анын аялдарды "ургаачылар" деп атаганы коомчулуктун кыжырын келтирди.
Ошондой эле ал ырчыларды жана өнөр адамдарын "шайтандын үгүтчүлөрү" деп атаган.
Бул сөздөр социалдык тармактардын колдонуучулары арасында нааразычылык жаратып, аялдарга карата айтылган сөздөр сынга алынууда.
Колдонуучулар казак элинин тарыхында аялдардын коомдогу орду жогору болгонун белгилеп, көчмөн маданиятында аялдар үй-бүлөнүн гана эмес, коомдун маанилүү бөлүгү болгонун эске салышууда.
Ал эми, Казакстандын Ички иштер министрлиги аталган видеодон кийин кылмыш иши козголгонун билдирди.
Видеодо Түркстан облусунун 66 жаштагы тургуну диний жана социалдык кастыкты козутуу белгилери бар сөздөрдү айтканы белгиленди.
Министрлик бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ведомство Конституция бардык жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин кепилдей турганын эскертип, мыйзамга каршы келген коомдук билдирүүлөр жоопкерчиликке алып келерин белгиледи.