www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 171 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады.
Маалыматка ылайык, №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын, ошондой эле «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери Ак-Суу районундагы Жыргалан лыжа базасына алып баруучу жолду куруу жана Түп районундагы Каркыра – Турук – Сары-Жаз жолуна шагыл төшөө иштерине субподрядчы катары талаптарга жооп бербеген «Д.Т.» ЖЧКсын тарткан.
Текшерүүдө аталган компаниянын ушул сыяктуу иштерди аткаруу тажрыйбасы, жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүгү жана материалдык-техникалык базасы жок экени аныкталган.
Ошондой эле жооптуу кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен келишимдик милдеттенмелердин кепилдик камсыздоосу жана аткарылган иштерди тастыктоочу документтер жок болсо да, «Д.Т.» ЖЧКсынын эсебине ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарды которушканы белгиленди.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, компания алынган каражаттарды жол куруу иштерине эмес, башка максаттарга жумшап, натыйжада мамлекетке 171 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү») боюнча эки кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыш иштери боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.