www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-февралдан бери АКШ жана Израилдин аскердик операцияларынын жүрүшүндө Иранда бир катар жогорку даражалуу жана кызматтагы адамдар каза болгонуна карабастан, өлкөнүн башкаруу системасы иштөө жөндөмүн жана согуш шартында стратегиялык чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
“Reuters” агенттиги билдиргендей, 1979-жылдагы Иран революциясы кийин түзүлгөн Иран Ислам Республикасы татаал башкаруу системасын калыптандырган. Бул системада бийлик бир адамга эмес, өз ара байланышкан көп деңгээлдүү институттарга таянат.
Көп жылдар бою Ирандын Жогорку лидери болуп келген Али Хаменеи согуштун алгачкы соккуларынын биринде каза болгон. Ал 1989-жылдан бери бул кызматты аркалап, мамлекеттик системада абсолюттук таасирге ээ болгон жана бардык маанилүү чечимдер анын макулдугу менен кабыл алынчу.
Жаңы лидер катары анын уулу Моджтаба Хаменеи бул кызматты жана кеңири ыйгарым укуктарды мурастап алган. Бирок ал Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусуна көз каранды болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
Жаракат алган Моджтаба Хаменеи мамлекеттик телеканал аркылуу “согуш ардагери” катары көрсөтүлгөн. Бирок анын коомчулукка сейрек чыгышы жана аз сандагы билдирүүлөрү ден соолугу боюнча суроолорду жаратууда.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу акыркы ондогон жылдарда өз таасирин күчөтүп келген. Азыркы согуш шартында, айрыкча Хаменеи каза болуп, жаңы лидер дайындалгандан кийин, бул түзүм стратегиялык чечимдерди кабыл алууда дагы борбордук ролго ээ болду.
Бул структура жетекчиликтин жоголуу тобокелдигине алдын ала даярданып, “мозаикалык” уюштуруу моделине ээ. Ар бир командирдин орун басары алдын ала дайындалган, ал эми бөлүктөр өз алдынча иш алып бара алышат.
Акыркы учурда көптөгөн жогорку даражалуу командирлер өлтүрүлгөнүнө карабастан, алардын ордуна татаал аскердик операцияларды жүргүзө алган тажрыйбалуу кадрлар келди. Бул туруктуулук корпус тарабынан Иран–Ирак согушунда (1980–1988) жана Жакынкы Чыгыштагы ар кандай жаңжалдарда топтолгон тажрыйба менен түшүндүрүлөт.
Ирандын саясий системасы диний жетекчилик менен бирге президент жана парламент сыяктуу шайлануучу институттарды камтыйт. Бул түзүмдөр, сакчылар корпусу менен бирге, өлкөнү башкарууда маанилүү ролду ойнойт.
Негизги фигуралар кимдер?
• Ахмад Вахиди — Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы, мурда коргоо министри болуп иштеген.
• Исмаил Каани — “Кудс” күчтөрүнүн жетекчиси, аймактагы союздаштар менен байланыштарды координациялайт.
• Алиреза Тангсири — деңиз күчтөрүнүн командири, согуш башында Ормуз кысыгын жабууда маанилүү роль ойногон.
• Мохаммад Багер Калибаф — парламент төрагасы, таасирдүү саясий фигура.
• Голам Хоссейн Мохсени-Эджеи — сот бийлигинин башчысы, катуу позициясы менен белгилүү.
• Масуд Пезешкиан — президент, ыйгарым укуктары чектелүү болгонуна карабастан, таасирдүү фигура.
• Саид Джалили — мурдагы коопсуздук кызматкери, радикал позициясы менен белгилүү.
• Алиреза Арафи — Сакчылар кеңешинин маанилүү мүчөлөрүнүн бири.
• Аббас Аракчи — тышкы иштер министри, Батыш жана ири державалар менен сүйлөшүүлөрдө негизги ролду ойнойт.
Жыйынтыктап айтканда, Иранда бийлик бир гана лидерге эмес, көп деңгээлдүү жана өз ара байланышкан структураларга таянат. Дал ушул системалуулук өлкөгө эң оор шарттарда да башкарууну сактап калууга мүмкүндүк берүүдө.