www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу программалык-аппараттык комплекс тааныштырылды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган комплекс Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, пайдаланууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын алдындагы Техникалык багыттагы борбору мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди.
Бул комплекс Кыргыз Республикасынын аймагында ийгиликтүү сыноодон өткөрүлүп, төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктайт:
* белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
* коопсуздук курун тагынбоо;
* унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон колдонуу;
* каршы тилкеге чыгуу.
2026-жылдын 1-июнунан тартып аталган программалык-аппараттык комплекстер республика боюнча толук кандуу иш режиминде иштей баштайт.
Заманбап технологияларды колдонуу айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга, жол кырсыктарын азайтууга жана жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган.
ЖКККББ бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого жана жолдо өзгөчө этият болууга чакырат.