www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин 2026-жылдын 15-майындагы буйругу менен Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маданият маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жетекчи бүгүн мекеменин жамаатына расмий тааныштырылып, ата мекендик кино өндүрүшүн өнүктүрүү, кинопрокат системасын чыңдоо жана улуттук кинону жайылтуу боюнча артыкчылыктуу багыттар белгиленди.
Улукбек Бегалы уулу кино жана телепродукция тармагында көп жылдан бери эмгектенип, продюсер, аткаруучу продюсер жана локациялык менеджер катары бир катар ийгиликтүү долбоорлорго катышкан. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен биргелешкен эл аралык кинодолбоорлордо иш алып барган.
Анын дайындалышы мамлекеттик киноборбордун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик кинопродюсерлерди колдоого жана кыргыз киносун өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган.