www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин төрагасы маектешин алдыдагы улуттук майрамы – Америка Кошмо Штаттарынын негизделгенинин 250 жылдыгы менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өткөн жана учурдагы жылдарда жогорку жана эң жогорку деңгээлде өткөрүлгөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыгын талкуулашты.
Ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо, экономика, инвестиция, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө болгон эки тараптуу умтулууну ырасташты.