www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын түштүк "Динамо" спорттук комплексинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган олимпиада чемпиону, дүйнө рекордсмени А. Мелентьевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтык көп түрдүүлүк жана ок атуу боюнча биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага министрликтин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, жогорку кесиптик даярдыгын, атуу чеберчилигин, чыдамкайлыгын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, мындай мелдештерди өткөрүү кызматтык тартипти чыңдоого, өздүк курамдын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.