www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында котлованга кулап түшкөн бетон ташуучу унаа боюнча чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш обьектисинде кулап кеткен атайын техникалык унаа боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Тактап айтканда, Ош шаарынын мэриясына караштуу Ашимахунов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушуна келген бетон ташуучу унаа, маневр жасоо учурунда жанындагы казылган жерге (котлован) оодарылып кеткен.
Ал эми казылган жер тилкесинде Ош шаарынын мэриясынын демилгеси жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу аркылуу “OXFORD” аттуу мектептин курулушу башталган.
Окуя боюнча видео билдирүү түшөөрү менен Ош шаардык башкармалыгы тарабынан ыкчам чаралар көрүлдү.
Маалым болгондой, курулуш объектисинде коопсуздук эрежелери талаптагыдай сакталган эмес. Тактап айтканда, казылган котлован тиешелүү түрдө тосулбай, эскертүү белгилери коюлбаган жана атайын техниканын коопсуз маневр жасоосу камсыз кылынган эмес.
Натыйжада, тиешелүү акт түзүлүп, казылган жерди (котлованды) коопсуз абалга келтирбегендиги үчүн “Бест Хаус” ЖЧКасына 200 000 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.