www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобу Бишкектеги Жогорку технологиялар паркында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ага депутаттык топтун жетекчиси Талант Мамытов, депутаттар Болот Ибрагимов, Умбеталы Кыдыралиев, Токтобүбү Ашымбаева, Айгүл Карабекова, Айсаракан Абдибаева, Жайлообай Нышанов, Джамиля Исаева, Бекмырза Чолпонбай уулу катышты.
Көчмө жыйында эл өкүлдөрү Жогорку технологиялык паркынын ишмердиги менен таанышып чыкты. Кыргызстандагы стартаптардын негиздөөчүлөрү өздөрүнүн иновациалык долбоорлорун жана технологиялык чечимдерди өнүктүрүүдөгү практикалык тажырыйбаларын көрсөтүштү.
Технологиялык парктын директору Азиз Абакиров 2011-жылы 2-3 гана компания менен иш башталганын, бүгүнкү күндө парктын резиденти катары 500дөн ашык компания катталганын билдирди. Ар түрдүү тармактарга арналган IТ продукцияларынын 90% 70тен ашык өлкөгө экспорттолуп, 2025-жылы резиденттердин кирешеси 17 млрд сомдон ашканын айтты.
Жыйында Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кенештин ролу жана кибер коопсуздук маселелери боюнча депутаттар Айгүл Карабекова жана Токтобүбү Ашымбаева баяндама жасады.
Депутат Айгүл Карабекова Жогорку Кеңеш былтыр кабыл алган Санарип кодексинде биометрикалык маалыматтарды көзөмөлсүз пайдаланууга жол берилбеши керектиги көрсөтүлгөнүн белгиледи. «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» уюмунун директору Татту Мамбеталиева жеке ишкердик же башка максаттары үчүн Санарип кодексин өзгөртүүгө кызыктар тараптар чыгып жатканын айтып коңгуроо какты. «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов бул тынчсыздануулар эске алынарын белгиледи. «Түндүк» системасын киргизүүдө да ар кандай карама-каршылыктар болгон, бирок саясий чечим кабыл алынып ал киргизилген. Азыр бул система ар бир жарандын жашоосунда бар, ал эң маанилүү куралга айланды. Андыктан санарип технологиялары боюнча кандай муктаждыктар жаралса аны чечүүгө жана чакырыктарга жооп берүүгө Жогорку Кеңеш бардык күч-аракетин жумшайт», -деп баса белгиледи Талант Мамытов.